16:20, 13 февраля 2025, 24.kg

Бишкекте 8-класстын окуучусу каза болду. Иш Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө

Бишкектеги № 72 мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусунун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө Башкы прокуратура өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин («Ден соолукка оор залал келтирүү») негизинде кылмыш иши козголду.

Эске салсак, окуя 21-январда болгон. 2010-жылы туулган баланы жогорку класстын окуучулары мектептин ажатканасында сабап кетишкен. Андан соң реанимацияга түшүп, ошол жерден каза болгон. Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова мектеп директору, тарбия иштери боюнча башкы мугалим жана аймактык тескөөчү кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, байкоо камераларынан жазууларды өчүрүп салышканын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18