15:40, 13 февраля 2025, 24.kg

ЖК депутаты Нурдан Орунтаевдин эстелигин тургузууну убада кылды

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызматына Нурдан Орунтаевдин талапкерлигин карап жатышат.

Эл өкүлү Арсланбек Малиев Нурдан Орунтаевге Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна мектеп жана бала бакча курууну суранды. Ал мектеп куруу керек болгон 14 айылды, бала бакчага муктаж болгон 15тен ашык айылды санап өттү.

Арсланбек Малиев мунун баарын Нурдан Орунтаев ишке ашырса, көзү тирүүсүндө жер таап, министрликке талапкерге эстелик тургузам деп убада кылды.

Эске салсак, Садыр Жапаров өз жарлыгы менен министрлер кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизген. Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түзүлдү. Мамкурулушту жетектеген Нурдан Орунтаев президенттин жарлыгы менен жаңы мекеменин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18