12:59, 13 февраля 2025, 24.kg

MCN Coin иши боюнча мурдагы аткаминер Юруслан Тойчубеков 5-апрелге чейин камалды

Мамлекеттик финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков 5-апрелге чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу 24.kg агентигине Бишкектин Биринчи май сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Юруслан Тойчубековго Кылмыш-жаза кодексинин «Финансы пирамидаларын уюштуруу» беренеси менен айып тагылды.

Эске сала кетсек, февраль айынын башында УКМК MCN Coin виртуалдык активинин негиздөөчүлөрүнүн бири Исрадин Субанбековду кармаган. Кийинчерээк ал алдамчылыкты мойнуна алган видео жарыяланган. Анын айтымында, бир жарым жыл ичинде ишкана жарандардан 2,5 миллион доллар чогулткан.

Исрадин Субанбеков өзү, Рыскул Болотбеков жана Мухтар Бегмат уулу «криптовалютаны» жаратканын айткан. Аларды бул маселеде Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков жетекчиликке алган.

Буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы мамлекеттик каттоодон өтпөгөн жана тиешелүү реестрлерге кирбеген MCN Coin виртуалдык активине инвестиция салууга каршы эскерткен.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18