12:11, 13 февраля 2025, 24.kg

Чыңгыз Айтматов тууралуу балдарга арналган алгачкы даректүү тасма көрсөтүлдү

Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов тууралуу балдар үчүн биринчи даректүү тасманын бет ачары болду. Бул тууралуу Бишкектеги «Орус үйү» билдирди.

«Сейтек» балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда «Ак кеменин сырлары» даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Бул Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин журналистика жана массалык коммуникациялар жогорку мектебинин магистранты, «Автордук аудиовизуалдык долбоор» программасынын студенти Амина Күрөңкееванын дипломдук долбоору болуп саналат

«Бул уникалдуу чыгарма. Амина өзүнүн улуттук маданиятындагы бардык мыкты нерселерди, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына болгон сүйүүсүн, Санкт-Петербург университетинде алган билимин бириктирип, мунун баарын экранга өзгөчө шыктануу менен чагылдырган. Эң негизгиси, уникалдуулугу жаш кыргызстандыктар бул тасманын авторлоштору болгондугунда. Бул даректүү тасма тартуудагы, анын ичинде биздин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердеги уникалдуу окуя», — дейт автордун илимий жетекчиси, Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин профессору Сергей Ильченко.

Тасманын катышуучулары мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдар. Балдар Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасына кызыгып, жазуучунун бир тууган эжеси Роза Айтматова, уулу Эльдар Айтматов, «Ак кеме» тасмасынын оператору, КРСУнун профессору Манасбек Мусаев, «Чыңгыз Айтматов — аалам адамы» монографиясынын авторлоштору менен жолугушту. Тасмада «Ак кеме» китебинин жазылышы жана чыгарманын киного ылайыкташтырылышы жана автордун өзү тууралуу кызыктуу фактылар айтылат.

Көрсөтүлгөндөн кийин тасма боюнча талкуу болду. Режиссёр жана эксперттер жаш көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берип, эң кызыктуу суроолордун авторлору сыйлыктарга ээ болушту.

Даректүү тасма Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин «Новый мир» журналында басылганынын 55 жылдыгына арналган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18