11:19, 13 февраля 2025, 24.kg

Көлбаевдин тобунун мүчөсүнүн Сосновкадагы бала бакчасы мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айылында жайгашкан бала бакча жана спорт зал мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

2017-жылы К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда ок атуучу куралдарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон С.М.К. аттуу жаран, кылмыш жолу аркылуу аталган кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон.

Тактап айтканда, коркутуп-үркүтүү, шантаж жана таасир этүү жолу менен Сосновка айылындагы мурда мамлекеттик менчикте турган бала бакчаны жана спорт залды алып, атасы С.К.Ж.нын жана агасы С.А.К.нын атына каттатып алган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, мүлк ээлери аталган объекттерге мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын моюнга алышып, аларды өз ыктыяры менен Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришти.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18