16:14, 12 февраля 2025, 24.kg

Маданият министрлиги өз телеканалын ачууну сунуштады. ММК өкүлдөрүнүн пикири

Журналист Шайырбек Абдырахман фейсбук баракчасына министрдин орун басары Эдил Байсаловдун Маданият министрлигине өзүнүн телеканалын ачуу сунушуна пикирин билдирди.

«Азыркы заманда телеканал ачуу акчаны шамалга чачуу болуп эсептелет. Себеби ТВнын ордун учурда интернет алып койгон. Андан көрө соцтармактар, ютуб каналдар менен иштешүү учур талабы. Дагы бир ТВ ачканда, дагы бир ТВ болот да, башка эмне эффект бермек эле», -деди Шайырбек Абдырахман

Photo 365008

Анын пикири боюнча азыр мамлекет жеке тармактар менен иштешип, атайын маданий агартуу жаатында көрсөтүүлөрдү заказ берүүсү керек. Мисалы мага финансы бөлүп, заказ берсе «Манас», «Семетей», «Сейтек» үч илтигин, кенже эпосторду элибизге кара сөздө жеткире баяндап, айтып берем. Ошондой эле аны жайылтууга да активдүү иштейм. Бул сөздү ушул ишти аткарып жүргөн адам катары бекем айта алам. «Манас» эпосундагы ар бир образды балдарыбызга талдап, түшүндүрүп берип, атайын кыска сабактарды жаздырып берсем болот. Келечек муун үчүн да, мамлекеттин идеологиясына да жакшы, элге да жакшы.

Мындан ташкары ал өзүнүн кесиптештерине буйрутма берсе көптөгөн китептерди окутуп, ютуб, соцтармактарга киргизээрин айтты.

«Тентектер деген студия бар, аларга заказ берсе кыргыз эл жомокторунан укмуш мульт фильмдерди жасай алышат.Мамлекет бир ок менен эки үч коён атат. Биринчиден маданий агартуу иштери жүрөт, экинчиден башка «жумшак күчтөргө» атаандаш өзүбүздүн күч чыңалат, үчүнчүдөн өлкөбүздө идеологиялык иш алып баруучу атайын жеке студиялар күчөйт. Балдарыбызды кыргыз баалуулугунда тарбиялоодо чоң көмөк болот», -деп белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18