15:06, 12 февраля 2025, 24.kg

Балбак Түлөбаев: «Курулуш компаниялары жымжырттык мыйзамын аткарбай жатышат»

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев курулуш компаниялары жымжырттык мыйзамын сактабай, мамлекеттик органдар эч кандай чара көрбөй жатканын айтып нааразы болду.

Эл өкүлү белгилегендей, саат 22:00дөн кийин эч ким үн басымы жана ызы-чуунун белгиленген чегинен ашпоого тийиш.

«Алар саат 00:00дө иштешет, саат 1:00дө иштешет. Техника чуңкурларды казып, бетон куюуда. Бул үчүн ким жооп берет?» — деп сурады.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин башчысынын орун басары Талантбек Иманакун уулу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жымжырттык убакта ызы-чуунун көп болушу үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуусу керек деп жооп берди.

«Бирок пайдаланууга берилген имараттарда ызы-чуу болсо, биз чара көрөбүз», — деп белгиледи ал.

Балбак Түлөбаев акыркы убакта министрлер жана башка мамлекеттик кызматкерлер президент кол койгон мыйзамдарды аткарбай жатканын айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18