14:19, 12 февраля 2025, 24.kg

Кардиохирургияга мурда өрт коопсуздук эрежелерин сактабаганынан айыппул салынган

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтуна буга чейин өрт коопсуздук эрежелерин бузууларды четтетүү тууралуу эскертме берилип, кийин айып да салынганын билдирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт коопсуздугунун алдын алуу, материалдык чыгымдарга жол бербөө максатында 2024-жылдын 26-мартында № 00-03 текшерүү актысынын негизинде пландуу текшерүү жүргүзүлүп, 18 пункттан турган бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуулар берилген.

Жыйынтыгында эскертме жазуулар толук кандуу аткарылбагандыктан «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 143-беренесине таянып 230 көрсөткүч эсебинде 23 миң сом административдик айып салынган. Мындан тышкары текшерүүнүн негизинде эки суу алуучу гидрант оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке киргизилген.

Эске салсак, кечээ, 11-февраль күнү кечинде аталган институттан өрт чыгып, операциядан кийин ооруканада жаткан 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм Кардиологиянын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18