13:38, 12 февраля 2025, 24.kg

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер начар иштегени үчүн жазаланат. Кантип?

Мамлекеттик кызматкерлерди жазалоонун жаңы ыкмаларын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Осмонов брифингде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлерге карата жазалар эффективдүү болушу үчүн катуу сөгүш алган кызматкер токтоосуз иштен бошотулушу керек. Бирок мыйзамдык актыларда эч кандай чектөөлөр жок, аткаминер катары менен бир нече сөгүш алып, ишин уланта берет.

«Мамлекеттик органдардын эффективдүү иштешин камсыз кылуу үчүн жазалоо механизми иштелип чыгат. Анда мамлекеттик кызматкерлер сый акыларынан ажыратылат жана башка нерселер менен бирге алардын маяналары кыскартылат. Жарандардын кайрылууларын кароонун мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн 10 миң сом айып пулду киргизүүнү караган Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү иштеп чыгуу стадиясында турат», — деп кошумчалады Азамат Осмонов.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18