11:53, 12 февраля 2025, 24.kg

Кардиохирургия институтундагы өрт. Иликтөөгө мекемелер аралык комиссия түзүлүүдө

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда бир күн мурун чыккан өрттүн себептерин иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.

Анын айтымында, комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектейт.

Комиссиянын курамына кимдер кирээри азырынча айтыла элек.

Министрдин орун басары белгилегендей, Улуттук кардиология жана терапия борборуна (УККТ) кардиохирургиялык бейтаптарды кабыл алуу кабинети бөлүнгөн. Операцияларды жүргүзүү маселеси чечилүүдө.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун аймагы, Каарманбек Байдавлетовдун айтымында, курчоого алынып, эч кимди киргизбей жатат.

Бир күн мурун, 11-февралда саат 21:00 чамасында ооруканада өрт чыккан. Өрт саат 23:15те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен эки бала каза болуп, 31 бейтап башка ооруканаларга которулуп, операцияга чейинки 19 бейтап үйүнө жөнөтүлгөн. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18