16:48, 11 февраля 2025, 24.kg

Мамкурулуш базасында министрлик түзүлүп, Нурдан Орунтаев министрдин м.а. болду

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртүү тууралуу жарлык чыгарды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түзүлдү.

Бул чечим архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөлөрүн натыйжалуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана алардын экономиканын башка тармактары менен өз ара байланышын эске алуу менен кабыл алынганы белгиленген.

Буга чейин Мамкурулушту жетектеп келген Нурдан Орунтаев президенттин жарлыгы менен курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө сунушталат.

Нурдан Орунтаев 36 жашта. Ал Орусиянын ИИМдин Волгоград академиясын юриспруденция жана криминалистика адистиги боюнча бүтүрүп, укук коргоо органдарында иштеп, тергөөчү болуп иштегенден кийин өлкөнүн ар кайсы аймактарында тергөө кызматтарын жетектеген.

2022-жылы муниципалдык структураларга өтүп, алгач Бишкек мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору, кийинчерээк жер пайдалануу жана архитектура боюнча вице-мэр болгон. Бул мезгилде ал мыйзамсыз курулуштарга каршы активдүү күрөшү менен белгилүү болгон.

2023-жылы Мамлекеттик курулуш комитетин жетектеген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18