16:30, 11 февраля 2025, 24.kg

Бишкекте жаңы ЖЭБди куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду

Бишкекке дагы бир ЖЭБди куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлганын борбор калаанын вице-мэри Талайбек Байгазиев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле 11-кичи районго откана курулуп, борбор калаадагы ЖЭБдин жүгүн азайта турганын депутаттарга билдирди.

Талайбек Байгазиев жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан кошумча алынган 6,9 миллион доллар тууралуу маалымат берди. Буга чейин ушул эле долбоор үчүн 31 миллион доллар алынган.

Муниципалдык чиновник долбоордун сметасы 2020-жылы эсептелгендиктен, 31 миллион доллар жетишсиз экенин, андан бери курулуш материалдары кымбаттап, доллардын курсу өзгөргөнүн түшүндүрдү. Ошондуктан дагы 6,9 миллион доллар алуу зарылчылыгы келип чыккан.

Анын ичинен Талайбек Байгазиевдин айтымында, 2,4 миллион доллар үнөмдөлгөн. Ал бул каражаттын бир бөлүгүн атайын техника сатып алууга жумшамакчы. Буга чейин МАРга арыз берилип, мэрия жооп күтүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18