14:34, 11 февраля 2025, 24.kg

Чүй облусунун энергетиктери тарабынан 780ден ашык көмөкчордондор оңдолот

2025-жылы энергетиктер Чүй облусу боюнча 783 көмөкчордонду жана 463 чакырым аба электр чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүшөт. Бул тууралуу КР Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Photo 364865

Мындан тышкары энергетиктер 4982 даана трансформатордук көмөк чордонду, 4004 чакырым аба чубалгыларын техникалык тейлөөдөн өткөрүп, 4772 чакырым аба чубалгыларына тийип калган бак бутактарын кесүү иштерин, авариялык абалдагы электр мамыларын алмаштыруу иштерин жүргүзүшөт.

Бул иштер облус керектөөчүлөрүн сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

2024-жылы Чүй энергетиктери тарабынан 816 даана трансформатордук көмөк чордон жана 510 чакырым аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.

Эске салсак, энергетиктер жыл сайын 1-марттан тарта 1-ноябрга чейин келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн даярдыктарды көрүшөт.

Маалымат үчүн: Чүй электр тармактар ишканасы Чүй облусунун жашоочуларын жана өндүрүш тармагын электр энергиясы менен камсыз кылган, курамында 9 (Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов) райондук электр тармактары бар ишкана.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18