17:43, 10 февраля 2025, 24.kg

Жээнбек Кулубаев менен элчи Вигери АКШнын тыш саясатындагы өзгөрүүнү талкуулады

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен АКШнын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар кыргыз-америкалык мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде АКШнын президенти Дональд Трамптын жаңы администрациясынын тушундагы тышкы саясаттагы өзгөрүүлөрдүн контекстинде пикир алышты. Өзгөчө көңүл Американын жаңы миграциялык саясатына, тышкы жардамдын токтотулушуна жана санкция чараларына бурулууда.

Тышкы иштер министри Кыргыз Республикасы өз ара аракеттенүүнүн туруктуу багыттарын колдоого жана тең салмактуу чечимдерди табууга кызыкдар экенин белгиледи.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө умтуларын ырасташты, ошондой эле саясий консультациялардын жана С5+1 форматынын алкагында өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.

Белгилей кетсек, бир айга жетпеген убакыт ичинде бул америкалык дипломат менен тышкы саясат департаментинин жетекчилигинин үчүнчү жолугушуусу. Буга чейин Лесли Вигери Жээнбек Кулубаевдин орун басары Медер Абакиров менен эки жолу жолуккан.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18