17:16, 10 февраля 2025, 24.kg

Кыргызстандын ИДПсы 2025-жылдын январында 96,8 млрд сомду түздү

2025-жылдын январында республиканын экономикасы негизги көрсөткүчтөр боюнча өсүштү көрсөттү. Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь айында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 96,8 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын январь айына салыштырмалуу 10,6 пайызга өскөн.

Бул олуттуу өсүш экономиканын негизги тармактарында өндүрүштүн өсүшүнө, тейлөө чөйрөсүндөгү өсүшкө, салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу.

2025-жылдын январь айында өнөр жай продукциясынын көлөмү 46,6 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын январына салыштырмалуу 10,7 пайызга өстү, ал эми тазаланган мунайзаттарын өндүрүү 2,4 эсеге, тамак-аш азыктары (анын ичинде суусундуктар) жана тамеки буюмдары 1,6 эсеге, химиялык заттар жана курулуш материалдары 1,5 эсеге жана фармацевтика продукциясы 33,7%га, резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдары 20%га, текстиль өндүрүшүндө, тигүү өндүрүшүндө 4,2%га, тоо-кен өндүрүшүндө 2,5%га өскөн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18