15:36, 10 февраля 2025, 24.kg

Депутат президенттен Чоң-Кемин алтын кенине уруксатты жокко чыгарууну суранды

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Чүй облусунун Кемин районундагы Далпран алтын кенин казууга берилген уруксатты жокко чыгаруу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исманов белгилегендей, кенди иштетүүгө кытайлык компания 2019-жылы эле уруксат алган.

«Ооба, уруксат мурунку өкмөттүн тушунда алынган. Мамлекет башчысы элди ойлойт. Райондун тургундары бул кенди иштетүүгө каршы. Ал жерде бир тонна гана алтын бар. Менимче, президент бир тонна алтындын айынан аймактын талкаланышына жол бербейт. Андан көрө Ак-Түздү иштетели, жергиликтүү тургундар каршы эмес», — деди Балбак Түлөбаев.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18