11:07, 10 февраля 2025, 24.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ырчы Кайрат Примбердиевди кармады

Атайын кызмат ата мекендик ырчы Кайрат Примбердиевди кармады. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Photo 364702

«КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү «Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1985-жылы туулган КРнын П.К.Т. аттуу жаранына карата «Айран-YouTube» каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасагандыгы үчүн, өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды», — деп белгиледи УКМК.

Учурда тиешелүү тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертет, бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Эске салсак, 2025-жылдын январь айынын башында казакстандык «Айран-YouTube» " долбоору кыргыз-казак мамилелерине атайын чыгарылышын арнаган. Программада ырчы Кайрат Примбердиевдин казак элинен Кененсарынын башын алган Ормон хан үчүн өз атынан кечирим сураган маеги тартууланган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18