08:00, 10 февраля 2025, 24.kg

Ыш менен күрөшүү. Адылбек Касымалиев Бишкек ЖЭБдин иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) муниципалдык ишканасына барып, анын учурдагы иши менен таанышты.

Адылбек Касымалиевге Бишкек Жылуулук электр борборунун иши, өндүрүштүк кубаттуулугу, техникалык мүнөздөмөлөрү, учурдагы көрсөткүчтөрү жана 2025-жылга карата оңдоо иштеринин планы тууралуу кеңири маалымат берилди. Өзгөчө көңүл учурдагы мезгилдеги жүктү көтөрүү жана борбор шаарды ишенимдүү энергия менен камсыздоо, ошондой эле 2024-жылдагы ЖЭБдеги авариядан кийин жабдууларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматка бурулду.

Ишкананы текшерүү аяктагандан кийин ЖЭБдин жыйындар залында 2024-2025-жылдардын жылытуу мезгилинин жыйынтыгын чыгаруу, көйгөйлүү маселелерди талдоо жана аларды четтетүү боюнча чараларды иштеп чыгуу, ошондой эле 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелерине арналган жыйын өттү.

Атап айтканда, атмосферага эмиссияны азайтуу жана ышка каршы күрөшүү маселелери, ошондой эле Бишкек шаарын газдаштыруу программасын ишке ашыруунун алкагында ЖЭБ үчүн отун катары жаратылыш газын пайдалануу үлүшүн көбөйтүүнүн келечеги талкууланды.

Жыйында борбор калаадагы ЖЭБдин туруктуу жана экологиялык жактан таза иштеши жарандардын жашоо-турмушуна ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу, ишканалардын кыш мезгилинде үзгүлтүксүз иштеши жана борбордун экологиялык абалын жакшыртуу үчүн негизги мааниге ээ экендиги белгиленди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18