23:26, 07 февраля 2025, 24.kg

Кытайда IX Кышкы Азия оюндары башталды

Кытайдын Харбин шаарында IX Кышкы Азия оюндарынын салтанаттуу ачылышы эл аралык көргөзмө борборунда өттү.

Ачылышка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Пакистандын президенти Асиф Али Зардари, Бруней-Даруссаламдын султаны Хассанал Болкиах, Таиланддын Премьер-министри Пхетхонгтхан Чинават, Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы У Вон Шик жана башка расмий адамдар да катышты.

IX Азия Кышкы оюндарынын ачылыш аземинде Харбинди, Кытайды жана бүтүндөй Азияны камтыган символикалык саякат көрсөтүлдү. Программа кыш мезгилинин терең маданий маанисин чагылдырган «Жалындаган муз жана кар» сегменти менен башталды. Андан кийинки «Кыймылдагы ышкыбоздук» бөлүгү кышкы спорттун динамикасын жана өзүнө тарткан укмуштуудай духун ачып берди. Салтанат Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдү бириктирип турган бекем байланыштарга арналган таасирдүү арноо — «Түбөлүк достук» менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан быйылкы Кышкы Азия оюндарына 53төн ашуун спортчу катышат. Алар спорттун 6 түрүнөн, көркөм муз тебүү, хоккей, биатлон, слалом, кёрлингден күч сынашат.

IX Кышкы Азия оюндары — 2025 быйыл Кытайдын Харбин шаарында өтүүдө. 7-февралда башталган мелдеш 14-февралга чейин уланат. Ага 34 өлкөдөн 1300дөй спортчу катышып, спорттун 6 түрүнөн мелдешет.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18