17:45, 07 февраля 2025, 24.kg

Бишкектеги Орто-Сай базарында таштандыларды сорттоочу жай ачылды

Бишкектеги Орто-Сай базарында таштандыларды сорттоочу жай ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эко-аянтча Безымянная көчөсүндө жайгашып, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен курулган.

Аянтчанын жалпы аянты 70 чарчы метрди түзөт, анда 10 контейнер, бир видеокөзөмөл камерасы орнотулган. Ошондой эле борбордук байланыш системалары — суу, канализация жана электр энергиясы кошулган.

Таштанды контейнерлери жамгырдан, кардан коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жерге, чатырдын астына коюлду. Эми базардан чыккан таштандыларды атайын адис иргейт жана ага бардык шарттары бар өзүнчө бөлмө даярдалды.

Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында базардын аймагында дагы бир ушундай пункт курулууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18