17:21, 07 февраля 2025, 24.kg

Ош шаарында эки көпүрө курулат

Бүгүн, 7-февралда Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Ж.Бабараимов көчөсүндө мыйзамсыз жана убактылуу жайгашкан соода-сатык жайлардын ээлерине курулуштарды бузуу боюнча эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алардын ордуна жолду алты тилкеге кеңейтип, көпүрө курууну пландап жатышат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жерде жол Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин көчмө жыйынында берилген тапшырмасына ылайык, унаа тыгынын жоюу жана шаардын жалпы көрүнүшүн жакшыртуу максатында 6 катар унаа бата турган болуп кеңейтилет.

Жумуштардын алкагында, Ж.Бабараимов көчөсүнөн (Вещевой рынок) Мамажан көчөсүнө чейин (Шейит-Дөбө мечити) жана Т.Турсунбаева көчөсүнөн («Зухра» рестораны) Ж.Бабараимов көчөсүн карай эстакадалык көпүрөлөрдү куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу каралган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18