16:45, 07 февраля 2025, 24.kg

Январь айында салык кызматы 22,5 миллиард сом салык жана төлөмдөр чогулткан

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Мамлекеттик салык кызматы 22 миллиард 554 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогулткан. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон белгилешкендей, пландык көрсөткүчтөр 3 млрд 418,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Түшүүлөр 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,05 млрд сомго көбөйгөн.

Мындан сырткары, Салык кызматы 6 млрд 714,4 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту, бул белгиленген пландан 814,4 млн сомго көп. 2024-жылдын январь айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 839,8 млн сомго өстү.

Ошентип, чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы ушул жылдын январь айында 29 млрд 268,4 млн сомду түздү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18