16:36, 07 февраля 2025, 24.kg

Биз да ушундай курабыз! Президент Кытайдагы лыжа курортуна суктанды

Президент Садыр Жапаров Кытайдын Харбин шаарындагы «Ябули» тоо лыжа курортуна барып, анын инфратүзүмүнө кызыкканын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, жакында Кыргызстанга дагы ушундай тоо лыжа комплекси курулат.

«Курортто, өзүңүздөр түшүнгөндөй, мени лыжа тебүү трассаларынын уюштурулушу жана жалпы эле инфратүзүмү кызыктырды. «Ябули» Кытайдын спорттук тоо лыжа кыймылынын мекени экен. Дал ушул жерде массалык кышкы туризм пайда болуптур. Дүйнө жүзүндөгү эң узун жана эң бийик тоо лыжа трассалары орун алган. Анын ичинде 48 бурулушу бар 2680 метрлик трассаны белгилесе болот. «Ябули» тоо лыжа курорту 1996-жылы кышкы Азия оюндарын, 2009-жылы Кышкы универсиаданы кабыл алган экен.

Мындан сырткары сноуборд боюнча дүйнө кубогу, жаштар чемпионаты өңдүү эл аралык мелдештер дал ушул жерде өтүп турат экен.

Курорт эки негизги бөлүктөн турат: спорттук тоо лыжа тебүү жана туристтер үчүн лыжа тебүү. Башкача айтканда, кесипкөй спорттук лыжа тебүүчүлөр үчүн да, үйрөнчүктөр үчүн да өз-өзүнчө ыңгайлуу шарттар түзүлүптүр. Укмуш эми!

Бардыгы орду-орду менен, кышкы туризм, лыжа спортун жактыргандарды ар бир кадамы менен кубанта турган жер экен десем жаңылышпайм.

Трассалардын жогору жагына чыгуу үчүн заманбап жабдуулар орнотулуптур. Эс алуучулар үчүн бардык шарттары каралган. Кышкы туризмден эле канчалаган киреше түшүп жатканын өзүңүздөр түшүнүп жатсаңыздар керек.

Жыйынтыктап айтканда «Ябули» — бул улуттук деңгээлдеги тоо лыжа курорту экен. Буюрса, биз дагы сүйүктүү Кыргызстаныбызда ушундай тоо лыжа комплексин курабыз.

Жакында куруу иштери башталат",-деп жазган мамлекет башчы.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18