15:38, 07 февраля 2025, 24.kg

Швейцария Гүлнара Каримованын 182 миллион долларын Өзбекстанга кайтарып берет

Photo 364436

Өзбекстан менен Швейцария 2016-жылдын 2-сентябрында каза болгон Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын конфискацияланган мүлктөрүн кайтарып берүүнү макулдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлигинин Telegram-каналында кабарланды.

6-февралда Өзбекстандын юстиция министри Акбар Тошкулов менен Швейцариянын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Константин Оболенский «Конфискацияланган мүлктөрдү бөлүштүрүү боюнча келишимге» кол коюшту. Бул келишимдин алкагында Швейцария 182 миллион долларды кайтарып берет.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, бул каражаттар 2012-жылы Швейцариянын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримовага каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында конфискацияланган.

Бардык активдер БУУнун алдында иш алып барган Өзбекстандын Vision 2030 көп өнөктөштүк трасттык фонду аркылуу саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы долбоорлорго багытталат.

2020-жылы Каримова бюджеттик каражаттарды уурдоо жана салык төлөөдөн качкан деген айып менен 13 жылга эркинен ажыратылган. Анда Швейцария Өзбекстанга 131 миллион доллар кайтарып берген. Өзбекстандык Gazeta.uz басылмасынын маалыматы боюнча, Каримовага таандык Европа өлкөлөрүндөгү активдердин жалпы суммасы дээрлик 1,4 миллиард долларга бааланууда.

 

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18