15:26, 07 февраля 2025, 24.kg

Таласта 34 миллион сомдук жер жана көлмө 874 миңге сатылып кеткен

Таласта 34 млн сомдук мамлекеттик мүлктү 874 миң сомго сатып жибергендерге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Талас облустук прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Салык кызматынын Бакай-Ата району боюнча башкармалыгынын, Сот департаментинин райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн жана «Талас балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери атайын жердин баасын төмөн көрсөтүү жолу менен «Талас балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын пайдалануусундагы мамлекеттин менчиги болгон 34 млн сомдук 16,5 га жер аянтты жана ага таандык 1-көлмө кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз түрдө жеке менчикке 874 миң 500 сомго сатып жиберишкендиги аныкталды.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш ишин козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18