15:12, 07 февраля 2025, 24.kg

Жаңы гимн: Маданият министрлиги тексттин жаңы вариантына сынак жарыялайт

Маданият министрлиги мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына республикалык сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Тимурлан Ажымалиев гимнди өзгөртүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отурумунда билдирди.

Анын айтымында, сынактын максаты — элдин тарыхый мурасын, маданиятын, биримдигин чагылдырган чыгарма жаратуу. Ага композиторлор, акындар, музыканттар жана чыгармачыл топтор чакырылган.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу гимнди өзгөртүү зарылдыгын билдирген. Ал «мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек» деген пикирин билдирген. Бул демилгени президент Садыр Жапаров да колдогон.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18