09:22, 07 февраля 2025, 24.kg

Айлыгы 1,2 миң евродон. Кыргызстандыктарды Словакияга иштөөгө чакырат

Словакияда автобус айдоочулары жетишсиз. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бош орундарга айдоочуларды каттоо башталганын билдирди. Учурдагы жумушка 50 айдоочу керек болсо, анын 15и жумуш менен камсыз болот.

Талапкерлерге карата талаптар:

Жаш курагы — 22-50 жаш ;

Соттолбогон;

Өнөкөт оорулары жок ;

2027-жылга чейин жарактуу жалпы жарандык (чет элдик) паспорт болушу талап кылынат;

Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча тажрыйбасы барларга артыкчылык берилет.

Иштин шарттары жана эмгек маянасы:

Айлык акысы: саатына 7,40 евродон өйдө;

Бир айдагы орточо киреше: 1200 евродон жогору (салыктарды чыгаргандан кийин);

Туруктуу европалык транспорттук компанияда иштөө;

Социалдык кепилдиктер жана документтерди расмий түрдө каттоо.

50 талапкер кабыл алынгандан кийин, онлайн каттоо автоматтык түрдө жабылат. Каттоого шилтеме www.migrant.kg расмий сайтында.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18