08:00, 07 февраля 2025, 24.kg

Жалал-Абадда УКМК менен «маселени чечебиз» деген алдамчы кармалды

Атайын кызматтын кызматкерлери алдамчылыкка шектелип Жалал-Абад шаарынын тургуну Искандер Хамракуловду кармашты.

Мекеменин басма сөз борбору билдиргендей, ал УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча облустук башкармалыгынын жетекчилиги менен тыгыз байланышта болгондугун айтып, жарандарды адаштырып, укук коргоо жана сот органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселелерин чечүүдө ортомчулук кызматын сунуштаган.

Photo 364331

2024-жылдын октябрь айында Д.Н.Д. аттуу жаран КР УКМК тарабынан Каракөл шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинен жер тилкелерин мыйзамсыз алып койгон деген айып менен кармалган.

Бул жагдайдан пайдаланып, И.Хамракулов КР УКМК Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен тыгыз байланышы бар экендигин айтып, айыпталуучу Д.Н.Д.нын туугандарынан баш коргоо чарасын өзгөртүү жана кылмыш ишин андан ары токтотуу үчүн 15000 АКШ доллар түрүндөгү акча каражатын алган.

Жыйынтыгында аталган акча каражат И.Хамракуловго берилип, ал эми айыпталуучу Д.Н.Д. келтирген зыяндын ордун толтуруп, ага карата кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

Ошондой эле, И.Хамракулов 2024-жылдын ноябрь айында 4 жылга эркинен ажыратылган А.Я.И. аттуу жарандын жакындарынан соттун өкүмү менен белгиленген жазаны өзгөртүүдө ортомчулук кызмат көрсөтүүнү айтып, кайрадан акчалай сыйлык сураган.

Натыйжада И.Хамракулов соттолгон А.Я.И.нын туугандарын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жана КР УКМКнын Жалал-Абад облустунун башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен байланышы бар экендигине ишендирип, 1 287 000 сом акча каражатын ээлеп алган.

Учурда И.Хамракулов кармалып, ага карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

КР УКМК кармалган И.Хамракуловдун бул ишке окшогон кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккендерди (03722-5-49-61 жана WhatsApp – 0995 012210) ишеним телефонуна чалып коюуну суранат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18