17:07, 06 февраля 2025, 24.kg

ЖК депутаттары кыргыз тилдүү мектептерде билим деңгээлин көтөрүүнү талап кылышты

Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Билим берүү министрлигинин башчысы Догдуркүл Кендирбаевадан кыргыз тилинде окуткан мектептерде билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүнү талап кылышты.

Депутат Эльдар Абакиров аймактарда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн ЖРТнын орточо баллы 110-120 балл болуп жатканын белгиледи.

«Мисалы, өткөн жолу парламентке министр келди. Ал күчтүү IT адис, бирок орус тилдүү мектепти аяктаган. Тилекке каршы, кыргыз мектептеринде алтын сертификат алгандар дээрлик жок. Мен бир жылдан бери сизге бул маселе боюнча кат жазып келем, бирок сиз буга көңүл бурбайсыз. Кыргыз тилдүү мектептерге өзүнчө алтын сертификаттарды берүүнү суранам. Алардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча программаны кабыл алуу керек», — деди ал.

Аны кесиптеши Камила Талиева дагы бул маселени колдоп, орус мектептер айылдан алыс жайгашканына карабай аймактардагы ата-энелер балдарын орус класска берип жатканын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18