13:25, 06 февраля 2025, 24.kg

ЖК депутаты айыл өкмөт башчылары менен мэрлердин начар иштешине нааразы болду

Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков айыл өкмөт башчылары, акимдер, мэрлер иштебей жатканын билдирди.

Анын айтымында, алар жумуштан каалаган убакта келип кетишет. Эч кандай көзөмөл жок.

«Ош шаарынын мэри кандай иштеп жатканын көрдүңүзбү? Башка айыл өкмөт башчылары, акимдер, мэрлер дагы ушинтип иштеши керек? Алар азыр уктап жатышат. Алар иштебейт. Аларды түз эфирден көрбөйбүз. Аларда баш аламандык бар. Аларга кат жазасың, бирок жооп жок. Эл кандай иштеп жатканын көрүшү керек», — дейт Айбек Алтынбеков.

Депутат кадрдык резервге кабыл алуу ачык жүргүзүлүп, түз эфирде көрсөтүлүшү керектигин белгиледи.

Эске салсак, президент 23-январда Жеңишбек Токторбаевди түштүк башкалаага мэр кылып дайындаган. Буга чейин муниципалитеттин башчысы кызматын Бакытбек Жетигенов ээлеп, ал Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18