13:06, 06 февраля 2025, 24.kg

ЖОЖду артыкчылык диплому менен бүтүргөндөр кадрдык резервге конкурссуз киришет

Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев жогорку окуу жайлардын артыкчылык диплому менен бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин резервине сынаксыз алууну сунуштады.

Анын айтымында, «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө жана «Эл үмүтү» стипендианттарына гана жеңилдиктер берилсе, мамлекеттик кызматтагы кадр маселеси чечилбейт.

КР Юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова мыйзам долбоорунун экинчи окуусунда буга чейин ЖОЖдорду артыкчылык диплому менен аяктаган өзгөчө статусу бар бүтүрүүчүлөр кадрдык резервге сынаксыз кирүү укугуна ээ деген жобо киргизилгендигине жооп берди.

Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, өлкөдө 11 жогорку окуу жайдын өзгөчө статусу бар.

Эл өкүлдөрү президент тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулап жатышат. Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы боюнча билим алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрдык резервине конкурстан тышкаркы негизде кабыл алууну сунуштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18