12:16, 06 февраля 2025, 24.kg

Жогорку Кеңеш фамилиялардын жаңы варианттарын киргизүүнү жактырды

Бүгүн, 6-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Үй-бүлө кодексине, «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга)» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Мирлан Самыйемкожо 24.kg агенттигине түшүндүргөндөй, документ жарандардын фамилияларын орусча тамгаларсыз тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн иштелип чыккан. Фамилиялардын жана атасынын ысмынын азыркы орфографиясы сакталып кала тургандыгын баса белгилей кетуу керек. -ов, -ев, -вич, -вна аяктоолору калат, аларды жарандардын өз каалоосу боюнча гана өзгөртүүгө болот;

Кабыл алынган мыйзам долбоору боюнча, мисалы, Асанов Үсөн Эсенович жаңы сунушка ылайык, Үсөн Асан Эсен уулу кылып өзгөртө алат. Аял болсо атасынын атына «кызы» деп уланат.

Экинчи вариантта чоң атасынын атына «теги» мүчөсү уланып, кошулуп жазылат. Мисалы, Асантеги Үсөн Эсен уулу деп аталат.

Дагы бир вариант катары фамилияга чоң атасынын ысымы кошулганда атасынын атына эркектер үчүн илик жөндөмөнүн мүчөсү уланып жазылат. Ал эми аялдар үчүн чыгыш жөндөмөнүн мүчөсү кошулат. Мисалы, Асантеги Үсөн Эсендин, аял болсо, Асантеги Айгүл Эсенден.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18