11:54, 06 февраля 2025, 24.kg

«Эл Үмүтү» стипендиясын алгандар өз мекенинде иштөөдөн баш тартышууда

«Эл Үмүтү» стипендиясынын алуучулары өз өлкөсүндө иштөөдөн баш тартышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Ал белгилегендей, министрлик 2024-жылы чет өлкөлүк ЖОЖдордо окуусун аяктагандан кийин мамлекеттик кызматта иштөөгө же аларга жумшалган каражатты мамлекетке кайтарууга милдеттүү деген норма киргизилген.

«Бүтүрүүчүлөрдү бош орундарга чакырабыз, бирок алар келбейт», — дейт Догдуркүл Кендирбаева.

Эл өкүлдөрү президент тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулап жатышат. Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы боюнча билим алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрдык резервине конкурстан тышкаркы негизде кабыл алууну сунуштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18