10:16, 06 февраля 2025, 24.kg

Айбек Жунушалиев Казань шаарына архитектуралык-курулуш форумуна барды

Казань шаарынын мэри Ильсур Метшин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен жолугушту. Бүгүн, 6-февралда башталып жаткан «Казаныш» эл аралык архитектуралык-курулуш форумуна катышуу үчүн Кыргызстандын борборунан делегация Татарстандын борборуна келди. Бул тууралуу муниципалитеттин сайтында айтылат.

Photo 364241

Тараптар шаарларды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. «Көп жылдар бою Казань менен Бишкек достук, өнөктөштүк мамилелерди сактап келет. Эки борбордун ортосундагы экономикалык жана социалдык-маданий кызматташуу боюнча келишим 1998-жылы түзүлгөн. Бул убакыттын ичинде шаарлар ар түрдүү багыттар боюнча көптөгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырышты», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, былтыр февраль айында Казанда Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылган. Башкы консулдуктун иш чөйрөсү Татарстан, Башкортостан, Марий Эл, Мордовия, Чувашия, Удмуртия жана Ульяновск облусунун аймактарын камтыйт.

«Казаныш» эл аралык форуму БРИКС саммитинин архитектуралык уландысы болуп саналат. Ага 24 өлкөдөн 400гө жакын спикер катышат. «Ар түрдүүлүктөгү биримдик» тематикалык программасы 115тен ашык иш-чараны камтыйт.

Кыргыз Республикасынан келген делегациянын курамында мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев жана Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев да бар.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18