08:00, 06 февраля 2025, 24.kg

Жеңиш күнү: Жаш кыргызстандыктар дил баян сынагына катышууга чакырылды

Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 80 жылдыгына арналган «Менин үй-бүлөм тарыхта» II Эл аралык илимий эссе сынагына катышууга арыздарды кабыл алуу башталды. Сынак 2025-жылдын 28-январынан 30-майына чейин өтөт.

Photo 364219

Бишкектеги Орус үйү билдиргендей, сынактын жыйынтыгында ар кайсы өлкөлөрдөн 15 жеңүүчү Москвага «Салам, Россия!» программасынын алкагында тарыхчылар жана архивчилер мектебине катышуу үчүн барышат.

Бишкектеги Орус үйү билдиргендей, сынактын жыйынтыгында жайкысын ар кайсы өлкөлөрдөн 15 жеңүүчү Москвага «Салам, Россия!» программасынын алкагында тарыхчылар жана архивчилер мектебине катышуу үчүн барышат.

Сынакка төмөндөгүлөр катыша алат:

16 жаштан 19 жашка чейинки кыргызстандыктар;

тарыхка кызыккан жана өз кесибин тарыхый же архивдик изилдөөлөр менен байланыштырууну пландаган мектеп окуучулары;

«Тарых илимдери» адистиги боюнча жана башка гуманитардык тармактарда билим алып жаткан университеттин студенттери.

Сунушталган темалардын бири боюнча орус тилинде эссе жазып, аны 9-апрелден кечиктирбестен kirgizia_bishkek@rs.gov.ru электрондук дарегине жөнөтүшүңүз керек .

Арыз берүү мөөнөтү аяктагандан кийин калыстар тобу сынактын катышуучуларынын иштерин баалап, үстүбүздөгү жылдын 16-майынан 4-июнуна чейин сынактын экинчи этабына катышуу үчүн эң көп упай топтогон катышуучуларды аныктайт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18