16:34, 05 февраля 2025, 24.kg

Журналист Мээрим Ташыбекованын 800 миң сом акчасын алдаган шылуун кармалды

Укук коргоо кызматкерлери алдамчылыкка шектелген 23 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Photo 364163

“2024-жылдын 17-октябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге М.Т. аттуу жаран кайрылган, себеби белгисиз адамдар телефон аркылуу өздөрүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Улуттук банктын кызматкерлерибиз деп тааныштырып жана алдоо жолу менен ишеничине киришип, 825 миң сом акчасын котортуп алгандыгы тууралуу билдирген. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча иш козголгон.

Укук коргоо кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн тактап, кармоого жетишкен. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган 23 жаштагы А.Х. болуп чыкты. Тергөө иштери уланууда.

Милициядан сөз ата мекендик телеканалдардын мурдагы журналисти, учурда Кыргызпатенттин басма сөз катчысы кызматын аркалаган Мээрим Ташыбекова тууралуу болуп жатканын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18