14:42, 05 февраля 2025, 24.kg

ЖК Эркин Чечейбаевди Саламаттыкты сактоо министри кызматына макулдук берди

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Саламаттыкты сактоо министри кызматына Эркин Чечейбаевди дайындоого макулдук берди.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министр кызматына талапкер тууралуу маалымат берип, КР Президентинин сунуштамасы менен тааныштырды.

Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо тармагында негизги төрт багытта иш алып барарын айтып, өзгөчө системалуу коррупция менен күрөшүүгө, калкты дары-дармектер менен жеткиликтүү камсыз кылууга, өлкө аймагындагы медициналык мекемелерди курууга жана жабдууга көңүл бурарын белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Эркин Чечейбаевди саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Эркин Чечейбаев 1974-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүрүп, «профилактикалык жардам» адистиги боюнча «санитардык врач» квалификациясын алган.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүндө санитардык дарыгер, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда жетектөөчү адис, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун долбоорлорунда, жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүндө иштеген.

2018-жылы Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматын аркалаган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18