12:49, 05 февраля 2025, 24.kg

Картошка баасы 65 сомго жетти: ЖК депутаттары түшүндүрмө берүүнү талап кылышты

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Элдар Абакиров Бишкекте картошканын килограммы 60-65 сомго чейин кымбаттап жатканын билдирди.

«Биз картошканы чоң айдоо талааларда — Ысык-Көл облусунда, Алайда, Чоң-Алайда, Кочкордо өстүрөбүз. Дыйкандар үчүн кубанганыбыз менен калк үчүн 65 сом кымбат баа. Мисалы, бир кап ун сатып алсаңыз 1700-1800 сом болсо, ошондой эле салмактагы бир кап картошка 2500-3000 сом болуп калды», — деди ал.

Депутат Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинен бааларды мындай кымбаттатуу болбошу үчүн айдоо сезонуна даярдыктар жана келерки жылдын пландары тууралуу депутаттарга маалымат берүүнү суранды.

Буга чейин Айыл чарба министрлиги картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү зарылдыгын көтөргөн. Ведомство ошондой эле Кыргызстанда бул продукциянын жетиштүү запасы бар деп ырастады.

Белгилей кетсек, Казакстанда өкмөт ЕАЭБ өлкөлөрүнөн башка үчүнчү өлкөлөргө картошканы экспорттоого алты айга тыюу салууну январда эле киргизген. Коңшу өлкөлөрдөн, өзгөчө Өзбекстандан суроо-талаптын жогорулашынан улам картошканын баасы кескин кымбаттаган ички рынокто бааны турукташтыруу чечими кабыл алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18