12:21, 05 февраля 2025, 24.kg

Депутат Маданият министрлигинен цирктеги кырдаал боюнча комиссия түзүүнү суранды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова цирктин кызматкерлери жаңы директор Светлана (Асланайым) Ашированын үстүнөн арыз менен кайрылганын билдирди.

«Аширова интригаларды токуп жатат деп нааразы болушууда. «Өз оюн айткандарды программадан чыгарат экен», — деди депутат.

Ал парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунан Маданият министрлигине цирктеги кырдаалды иликтөө үчүн атайын комиссия түзүү боюнча протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү. Ал эми цирктин директорунун иши тергөө учурунда токтотулушу керектигин белгиледи.

Эске сала кетсек, Светлана Аширова цирктин директору болуп 2024-жылдын октябрынын аягында дайындалып, 2025-жылдын 23-январында сынак мөөнөтү аяктагандан кийин ал ээлеген кызматынан бошотулганын Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Редакцияга кайрылган артисттер Светлана Аширова Маданият министрлигинин билдирүүсүнө карабай кабинетинен чыкпай жатканын ишендиришти.

Светлана Аширова 28-январда цирктин жетекчиси кызматына кайра орношуп, бир жылга эмгек келишими түзүлгөнүн ишендирүүдө. Артисттердин арыз-даттануулары жана чарбалык эсепке өтүү мүмкүндүгү боюнча ал Маданият министрлиги баарын карап жатканын айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18