09:48, 05 февраля 2025, 24.kg

Карим Ага Хан IV Лиссабондо дүйнө салды

Photo 364035

Низари исмаилиттеринин руханий лидери жана Ага Хан өнүктүрүү тармагынын (AKDN) негиздөөчүсү ханзаада Карим Ага Хан IV 88 жашында Лиссабондо көз жумду. Бул тууралуу Diwan of the Ismaili Imama расмий билдирүүсүндө айтылат.

Ага Хан IV 20 жашында чоң атасынын ордуна 1957-жылдан бери Исмаилит коомун жетектеп келет.

Салтка ылайык, жаңы имам керээз аркылуу өзүнөн мурунку имам тарабынан дайындалат. Жаңы имамдын ысымы Карим Ага Хан IVнун керээзи окулгандан кийин жакынкы күндөрү белгилүү болору күтүлүүдө.

Кыргызстанда Ага Хан Фонду (АКФ) 2002-жылдан бери активдүү иштеп, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана айыл аймактарын өнүктүрүү багытында долбоорлорду ишке ашырып келет. Маанилүү долбоорлордун бири Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Ага Хан Фондунун колдоосу менен түзүлгөн Борбордук Азия Университетинин (БАУ) ачылышы болуп саналат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18