09:29, 05 февраля 2025, 24.kg

Садыр Жапаров Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-февралда, Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Photo 364032

Тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн келечегин, ошондой эле энергетика, инфраструктура, транспорт жана жогорку технологиялар жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Санариптештирүү, кайра жаралуучу энергия жана өнөр жай секторундагы биргелешкен долбоорлор боюнча өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекеттик кеңештин Премьери Ли Цян Кытай Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү жогору бааларын жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө даярдыгын айтты. Ал биргелешкен инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун маанилүүлүгүн баса белгилеп, өлкөлөр ортосундагы транспорттук байланышты өнүктүрүүнү колдоорун билдирди.

Ли Цян ошондой эле Кыргызстандын Президентинин сапары Жаз майрамына туш келгенин, жаз — табият ойгонуп, жаңы жашоо цикли башталган жылдын чечүүчү мезгили экенин баса белгиледи. Ал муну кыргыз-кытай мамилелеринин жаңылануусунун жана жаңы келечегинин символу деп атап, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын мындан ары бекемделишине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Кытайдын акыркы он жылдыктардагы таасирдүү жетишкендиктерин атап, алар аркылуу өлкө тез өсүүнүн, технологиялык прогресстин жана жалпы гүлдөп-өнүгүүнүн символу болгонун айтты. Ал КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан реформа жана ачыктык саясаты, ошондой эле «Бир алкак, бир жол» демилгеси эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы «Бир алкак, бир жол» демилгеси менен шайкеш айкалышып, сооданын өсүшү, инфраструктураны өнүктүрүү жана инвестиция тартуу үчүн кеңири перспективаларды түзүп жатканын белгиледи.

«Акыркы бир нече жыл ичинде биз эки тараптуу кызматташуубузду активдештирдик. Жогорку жана бийик деңгээлдердеги эки тараптуу сапарлар, эбегейсиз чоң долбоор — «Кытай — Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушунун башталышы, үчүнчү «Бедел» өткөрмө пунктунун ачылышы, өз ара сооданын көлөмүнүн болуп көрбөгөндөй өсүшү буга далил болуп саналат. Экономикалык кызматташтык үчүн жакшы келечеги бар бир катар биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке киргизилди», — деп Президент канааттануу менен белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да бекемдөөгө ишенимин билдиришти.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18