08:00, 05 февраля 2025, 24.kg

Кыргызстанда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлдү

Президент Садыр Жапаров «КР жаза аткаруу системасынын кээ бир маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду. Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын ишинин натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын базасында министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлсүн.

2. Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти деп кайра аталсын.

3. Министрлер кабинети белгиленген тартипте:

— министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;

— бул жарлыктан келип чыгуучу тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун бир айлык мөөнөттө киргизсин;

— бул жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучу, финансылык жана башка зарыл чараларды көрсүн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18