16:24, 04 февраля 2025, 24.kg

Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургунунан пара алган аткаминер кармалды

Ысык-Көл облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы опузалап акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан шаар куруу жана архитектура системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы М.К. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары тууралуу маалымат келип түшкөн.

Такталгандай, аталган М.К. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан жер тилкелеринин башкы планын текшерүүнүн алкагында кызматтык абалынан пайдаланып, жергиликтүү тургунду «пара» берүүгө мажбурлаган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча кылмыш-иш козголуп, 2025-жылдын 3-февралында, мурда алынган «параны» кайтарып берип жаткан жеринен М.К. кармалып, тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18