15:30, 04 февраля 2025, 24.kg

Бишкекте мобилдик унааны каттоо башталды. Аны кантип колдонуу керек?

Кыргызстанда транспорт каражаттарын көчмө каттоо (кайра каттоо) кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор пилоттук режимде Бишкек шаарында ишке ашырыла баштады.

Белгиленгендей, эми, юридикалык жактар жана жеке адамдар өзүнүн транспорт каражаттарын алар каалаган ыңгайлуу жерден каттаса болот. Мобилдик топ багытталган жерге барып, укукту күбөлөндүрүүчү документтерди жана мамлекеттик номердик белгилерди берүү менен транспорт каражатын каттоону (кайра каттоону) жүргүзөт.

Мындай тейлөө — каттоо документтерди алуу процессин кыйла жөнөкөйлөштүрүүгө жана тездетүүгө мүмкүндүк берет.

Кошумча маалымат алуу жана каттоого өтүнмө берүү үчүн WhatsApp аркылуу +996(999)631727 номерге кайрылуу керек. Банктын тейлөөлөрүн эсептебегенде, ар бир каттоо иш-аракетинин наркы 3479 сомду түзөт.

«Көчмө каттоону ишке киргизүү — транспорт каражаттарынын каттоо системасынын ишин өркүндөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга карай дагы бир кадам болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18