14:22, 04 февраля 2025, 24.kg

Айыл чарба министрлиги: «Кыргызстанда картошканын кору жетиштүү»

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкө боюнча картошканын баасынын туруктуулугун көзөмөлдөйт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Анын алкагында Ош шаарында картошканын дүң баасы 60 сомдон болсо, ыкчам көрүлгөн чаралардын негизинде ошол эле күнү кечке маал картошканын дүң баасы турукташып, 49 сомго түшкөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

«Азыркы учурда өлкөдө картошканын кору жетиштүү. Дыйкандар картошкаларын жер төлөдө сактап жатышат. Базарга келгенде ортомчулар картошканын баасын 75 сомго чейин көтөрүп жиберишүүдө. Аларга да бул боюнча чаралар көрүлөт. Азыркы тапта картошканын экспортуна тыюу салуу маселеси каралып жатат», — деп билдирди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары аткаминер дыйкандарды «жакшы мезгилди күтпөстөн» картошка сатууга чакырды, анткени быйыл эрте жаз жана жаңы түшүм жакында базарларда пайда болот.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18