08:30, 04 февраля 2025, 24.kg

Кыргыз тоолорундагы көпөлөктүн жаңы түрү орусиялык окумуштуунун ысымын алды

Кыргызстандын тоолорундагы көпөлөктөрдүн жаңы түрүнө орусиялык окумуштуунун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу «Коммерсантъ» гезити РФнын Ульяновск облусунун өкмөтүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Пилла токуучулар бүлөсүнөн чыккан көпөлөктөрдүн жаңы түрү жана тукуму биология илимдеринин доктору, Ульяновск мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Вадим Золотухиндин урматына аталганы көрсөтүлгөн.

«Буга чейин белгисиз көпөлөк 2024-жылы Кыргызстандын Талас тоо кыркаларында окумуштуулар тарабынан табылган», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Вадим Золотухин энтомология тармагындагы белгилүү окумуштуу болгон. Ал ошондой эле Сенгилеевские тоолору улуттук паркынын биринчи энтомологу болгон. Анын ысымы дүйнөлүк илимий коомчулукка белгилүү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18