08:00, 04 февраля 2025, 24.kg

Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эркин Чечейбаев саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

 Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, «Эркин Чечейбаевдин талапкерлиги КР саламаттыкты сактоо министри кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилди».

 

Photo 363869

Ал жөнүндө эмне белгилүү?

 Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Эркин Чечейбаев 50 жашта.

 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) санитардык-гигиеналык факультетин аяктаган.

2018-жылдын апрель айында Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары – башкы мамлекеттик санитардык дарыгери болуп дайындалган.

2020-жылдын январында бул кызматтан бошотулган.

Эркин Чечейбаев мамлекеттик кызматка келгенге чейин Европада жашап, саламаттыкты сактоо тармагында эл аралык консультант болуп иштеген.

2015-жылы Маастрихт университетин (Нидерланды) бүтүргөн, Коомдук саламаттыкты чыңдоо боюнча илим магистри даражасына ээ болгон.

Эркин Чечейбаев сергек жашоонун жана активдүү эс алуунун жактоочусу катары белгилүү.

 Эске сала кетсек, 3-январда  президенттин жарлыгы менен Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган.

«Бул президенттин чечими,  мен аны менен макул болдум», — деп Алымкадыр Бейшеналиев 24.kg басылмасына  кызматтан алынышы боюнча комментарий берди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18