24.kg
17:45, 03 февраля 2025, 24.kg

Кыргызстандан картошканы экспорттоого убактылуу тыюу салуу каралып жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  мындай чара социалдык мааниге ээ азык-түлүктөргө болгон баалардын негизсиз жогорулашын алдын алуу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына бааларды туруктуу кармоо максатында көрүлүүдө.

2025-жылдын 1-февралында министрлер кабинетинин төрагасынын орун  басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү азык-түлүк бааларына байланыштуу маселелер боюнча кеңешме өткөргөн.

Анын жүрүшүндө Экономика жана коммерция министрлигине, Антимонополдук жөнгө салуу кызматына, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына азык-түлүктүн баасын тыкыр көзөмөлгө алуу тапшырган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18