24.kg
16:32, 03 февраля 2025, 24.kg

Бишкекте автобуста кызга ыдык көрсөткөн шектүү кармалды

Тартип сакчылары коомдук транспортто кызга ыдык көргөзгөн адамды таап, кармашты. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бир күн мурун, 2-февралда коомдук транспортто тартылган видео интернетке тараган, анда бир киши автобуста кыздын жамбашын кармаганы көрүнүп турат. Бул факты дароо маалымат журналына катталып, адамды издөө иштери башталган.

Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык милициясы 36 жаштагы шектүүнү кармоо учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөтүп, сөгүп, коомдук тартипти бузган.

Ал Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, «Майда бейбаштык» беренеси боюнча административдик камерасына киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18