24.kg
14:38, 03 февраля 2025, 24.kg

Кыргызстанда бир миллионго жакын адам Бүткүл республикалык тестирлөөдөн өттү

Кыргызстанда 2002-жылдан бери республика боюнча жогорку окуу жайларына тапшырууну каалаган 975 миң 181 адам Бүткүл республикалык тестирлөөдөн өткөн. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун ЖРТ-2024 жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.

Уюмдун маалыматы боюнча, бул аралыкта 108 миң 346 адам гранттык негизде билим алган.

ЖРТ бир максатты көздөп уюштурулган: ЖОЖдордо андан ары билим алууга эң жөндөмдүү абитуриенттерди аныктоо болуп саналат.

Былтыр тестирлөөгө 51 946 адам катышып, анын 7021и гранттык орундарга кабыл алынган.

Гранттык формада окугандардын жалпы санынын дээрлик 50 пайызын айыл мектептеринен, 18,1 пайызын бийик тоолуу мектептерден, 16,2 пайызын Бишкек шаарынан жана 16 пайызга жакынын кичи шаарлардан жана областтык борборлордон келгендер түздү.

Контракттык окууга тапшыргандардын жалпы санынын 43,1 пайызы айыл мектептеринен, 11,5 пайызы бийик тоолуу мектептерден, 27 пайызы Бишкек шаарынан, 18 пайызы кичи шаарлардан жана облус борборлорунан келген абитуриенттер.

2012-жылдан тарта ЖРТ менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык ЖОЖдоруна кабыл алуу үчүн милдеттүү болуп калды. Бирок тесттин жыйынтыгы талап кылынбаган адистиктердин жана аймактардын тизмеси бар.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18